Nokia Asha 201 - Унаалар

background image

Унаалар
Радио сигналдары мотор унааларында туура эмес орнотулган же тиешелүү түрдө корголбогон электрондук май

инжектордук, блоктоого каршы тормоздук, электрондук ылдамдыкты контролдоо, аба баштыктар системалары

сыяктуу электрондук системалардын иштөөсүнө таасир тийгизүүсү мүмкүн. Дагы көбүрөөк маалыматты унааңыздын

же андагы жабдууларды чыгаруучусунан алыңыз.

Атайын даярдыгы бар адистер гана аппаратты унаага орнотушу керек. Туура эмес орнотуу же тейлөө кооптуу болушу

мүмкүн жана жабдууга берилген кепилдикти жокко чыгарышы ыктымал. Сиздин унааңызга орнотулган зымсыз

аппараттар туура орнотулуп жана иштетилип жатканын маал маалы менен текшерип туруңуз.Тез тутануучу

суюктуктарды, газдарды же жарылуучу заттарды зымсыз жабдуулар орнотулган бөлүмдөрдө чогуу сактап же ташып

жүрбөңүз. Aба жаздыктардын абдан бир заматтын ичинде абага толо тургандыгын эске алыңыз. Аспабыңызды же

кошумча жабдууларды аба жаздыктары жазыла турган мейкиндикке койбоңуз.