Nokia Asha 201 - Потенциалдуу жарылуучу чөйрөлөр

background image

Потенциалдуу жарылуучу чөйрөлөр
Абада жарылуучу заттары бар аймактарда аспабыңызды өчүрүп коюңуз. Бул жерлерде учкундар адамдын өлүмүнө же

жарадар болушуна себеп болгон жарылуу же өртү чыгарышы мүмкүн. Май куюучу станцияларда, май сактоо жана

таратуу жайларында, химиялык заводдордо же жарылуу иштери жүрүп жаткан жерлерде койгон чектөөлөргө баш

ийиңиз. Жардыруу коркунучка жакын чөйрөлөр кээде так белгиленбейт. Алардын катарына демейде унаа моторун

иштетпей коюуга мажбур болгон учурлар, кемелердин төмөнкү палубалары, химикалык заттарды ташуучу же сактоочу

жайлар жана абасында химиялык заттар же болбосо чаң, дандын кабыгы же металл күкүмдөрү сыяктуу майда

бөлүкчөлөр учкан жерлер да кирет. Суюкталган газ (пропан же бутанга окшогон) күчү менен жүргөн унаалардын жакын

арада туруп колдогу аспаптын иштетүү жагын алардын чыгаруучулардан тактап билүүгө болот.