Nokia Asha 201 - Батарея жана заряддагыч түзүлүш жөнүндө маалымат

background image

Батарея жана заряддагыч түзүлүш жөнүндө маалымат
Аспабыңыз, BL-5J кайра заряддалуучу батарея менен иштетилиши керек. Nokia бул аппаратка ылайыкталган

батарейканын дагы кошумча модельдерин чыгарышы мүмкүн. Дайыма, накта Nokia батарейкасын колдонуңуз.

Бул аспап, төмөнкү заряддоо түзүлүштөрдөн зарядын толуктандырып иштетүүгө бекитилген: AC-11. Nokia заряддагыч

моделинин так номери сайгычтын түрүнө жараша өзгөрүшү мүмкүн. Анын түрү E, X, AR, U, A, C, K, же B тамгалары менен

аныкталат.

Батарея жүздөгөн жолу кайра заряддалышы мүмкүн, бирок акыры анын иштөө ресурсу түгөнөт. Эгер күтүү жана

сүйлөшүү режимдеринин убактысы демейдегиден байкаларлык кыскарган учурда батареяны алмаштырыңыз.