Nokia Asha 201 - Санариптик Укуктарды Башкаруу тууралуу

background image

Санариптик Укуктарды Башкаруу тууралуу
Бул аппараттын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн колдонууда баардык мыйзамдарга баш ийиңиз жана жергиликтүү

салттарды, башка адамдардын жекелигин жана мыйзамдуу укуктарын, анын ичинде автордук укуктарды сыйлаңыз.

Автордук укуктар сүрөттөрдү, обондорду жана башка мазмунду көчүрүүдөн, өзгөртүүдөн, таркатуудан сакташы

мүмкүн.

Мазмун ээлери, өздөрүнүн интеллектуалдык менчигин жана автордук укуктарын коргоо үчүн, санариптик укуктарды

башкаруу (DRM) технологияларынын ар кандай түрлөрүн колдонушат. Бул түзүлүш, DRM технологиясы тарабынан

корголгон мазмунга кирүү үчүн, ар кандай DRM программаларын колдонот. Бул түзүлүштүн жардамы менен сиз,

WMDRM 10 жана OMA DRM 1.0 аркылуу корголгон мазмунга кире аласыз . Эгерде белгилүү бир DRM программасы,

мазмунду коргоону ишке ашыра албай калса, мазмун ээлери ал DRM программасынын, DRM технологиясы тарабынан

корголгон жаңы мазмунга кирүү мүмкүнчүлүгүн жараксыз деп жарыялоону сурай алышат. Жараксыз деп табуу,

ошондой DRM технологиясы тарабынан корголгон мазмундун, аппаратыңызда эчак жаңылануусун алдын алышы

мүмкүн. Ошондой DRM программаларынын жараксыз деп табылышы, DRM технологиясынын башка түрү менен

корголгон мазмундун же DRM-эмес технологиясы аркылуу корголгон мазмундун колдонулушуна таасирин тийгизбейт.

DRM менен корголгон маалыматтар тиешелүү лицензия менен кошо келет. Ал сиздин маалыматты колдонууга болгон

укугуңузду тастыктайт.

Эгер аспабыңызда WMDRM тарабынан корголгон мазмун бар болсо, аспап эс тутуму форматталган учурда лицензиялар

жана мазмун да кошо жок болот. Аспабыңыздагы файлдар бузулуп калса, сиз, лицензияларды жана камтылган

мазмунду жоготушуңуз мүмкүн. Лицензияларды же корголгон маалыматты жоготуу, аппаратыңыз менен ошол эле

36

Продукт жана коопсуздук маалыматы

background image

мазмунду кайра колдонуу мумкүнчүлүгүңүздү чектетиши мүмкүн. Кошумча маалымат алуу үчүн кызмат тейлөөчүгө

кайрылыгыңыз.