Nokia Asha 201 - Автордук укук жана башка билдирүүлөр

background image

Автордук укук жана башка билдирүүлөр

ЫЛАЙЫК КЕЛҮҮ ДЕКЛАРАЦИЯСЫ

Ушуну менен NOKIA CORPORATION мындагы RM-799 продукттун 1999/5/EC Директивасынын негизги талаптарына

жана башка тиешелүү жоболоруна дал келгенин жарыя кылат. Ылайык келүү Декларациясынын көчүрмөсүн төмөнкү

даректен тапса болот http://www.nokia.com/phones/declaration_of_conformity/.

© 2011 Nokia. Бардык укуктар сакталды.

Nokia, Nokia Connecting People жана Navi, Nokia Corporation корпорациясынын соода белгилери же катталган соода

белгилери. Nokia tune Nokia Corporation үн белгиси. Мында жана мындан кийин аталган башка өнүм жана компания

аттары тиешелүү ээлерге тийиштүү соода белгилери жана соода аттары болушу ыктымал.

Nokia жазуу түрүндө алдын ала берилген уруксатысыз бул документтин үзүндүсүн же толук мазмунун кандайдыр бир

түрдө кайра чыгарууга, колдон колго өткөрүүгө, таратууга жана сактоого тыюу салынат. Nokia тынымсыз өнүгүү

саясатын жүргүзөт. Nokia бул документте көрсөтүлгөн кайсы өнүм болбосун, алдын ала билдирүүсүз өзгөртүүлөрдү

жана жакшыртууларды киргизүү укугун сактайт.

Includes RSA BSAFE cryptographic or security protocol software from RSA Security.

40

Автордук укук жана башка билдирүүлөр

background image

Oracle and Java are registered trademarks of Oracle and/or its affiliates.

Бул продукт MPEG-4 Visual Patent Portfolio License тарабынан (i) MPEG-4 Visual Standard ка ылайыкталып коддолгон

маалыматка байланыштуу жеке же коммерциялык эмес иш алып барган кардарлардын жеке же коммерциялык эмес

колдонуулары үчүн жана (ii) лицензияланган видео камсыздоочу тарабынан камсыз кылынган MPEG-4 видео менен

байланышкан колдонуу үчүн лицензияланган. Бөлөк башка максат менен колдонууга лицензия берилбейт жана

берүүгө да мүмкүн эмес. Кошумча маалыматты, анын ичинде жарнамалоо, ички жана коммерциялык колдонуу тууралуу

маалыматты MPEG LA, LLC ден алууга болот. http://www.mpegla.com сайтын караңыз.

Tиешелүү мыйзам жол берген максималдуу даражада Nokia же анын лицензиясы менен иштегендер кандай гана

кырдаал болбосун, маалымат же киреше жоготууларына, же атайын, кокустан, түздөн-түз же кыйыр жоготууларга

жооп бербейт.

Бул документтин мазмуну "кандай болсо ошондой" берилди. Тиешелүү мыйзам талап кылбаган бардык учурда, эч

кандай гарантия ачык түрдө же маанисинен келип чыгуучу, анын ичинде, бирок аны менен чектелбестен товардын

айрым максаттарга жарамдуулук жана бүтүндүк гарантиясы ушул документтин тактыгы, тууралугы же мазмуну боюнча

берилейт. Nokia, бул документке алдын ала маалымдоосуз өзгөртүүлөрдү киргизүү же алып салуу укугун сактайт.

Кээ бир продукттардын, өзгөчөлүктөрдүн, тиркемелердин жана кызматтардын болушу аймакка жараша өзгөрүшү

мүмкүн. Кошумча маалымат алуу үчүн, Nokia дилериңизге же кызмат тейлөөчүңүзгө кайрылыңыз. Бул аппарат АКШнын

жана башка өлкөлөрдүн экспорт боюнча мыйзам жана токтомдордун предмети болгон товарларды, технологияларды

же камсыздоо программаларды камтышы мүмкүн. Мыйзамдын чегинен чыгууга тыюу салынат.

Nokia, сиздин аппаратыңыз менен келген үчүнчү-тараптык тиркемелердин иштешине, мазмунуна же соңку

колдонуучуга колдоо көрсөтүүсү үчүн, эч кандай кепилдик бербейт же эч кандай жоопкерчиликти өз мойнуна албайт.

Тиркемени пайдалануу менен сиз, ал кандай абалда камсыздалган болсо, ошол абалда кабыл алынганын ырастаган

болосуз. Nokia, сиздин аппаратыңыз менен келген үчүнчү-тараптык тиркемелердин иштешине, мазмунуна же соңку

колдонуучуга колдоо көрсөтүүсү үчүн, эч кандай кепилдик бербейт же эч кандай жоопкерчиликти өз мойнуна албайт

жана алар тууралуу эч кандай маалымат жарыялабайт.

/1.0-басылма KY

Автордук укук жана башка билдирүүлөр 41